Skip Navigation

DVD Ilustrado Multilíngue

The Biology of Prenatal Development




Пренаталдык өнүгүүнүн биологиясы.

.Кыргыз [Kyrgyz]


 

Baixar Versão em PDF  O Que é PDF?
 

Capítulo 40   3 a 4 Meses (12 a 16 Semanas): Papilas Gustativas, Movimento de Mandíbula, Reflexo de Sucção, Percepção dos Primeiros Movimentos do Feto

11чи җана 12чи җумада түйүлдүктүн салмагы 60 % чоңойот.

12чи җума кош бойлуулуктун үчтөн биринчи убактысы аяктаганын билдирет.

Түйүлдүктүн даам татуу сезимдери түзүлө баштайт.
Төрөлгөндө даам татуусу тилинин җана оозунун үстүндө гана болот.

Ичегисинин кыймылдаганы 12чи җумада башталат җана 6 җумага созулат.

Биринчи җолу түйүлдүктөн мекониум деп аталган җоон ичегиден заттар чыгат. Ал заттарга ашказандан чыккан зили, протейиндер җана өлүк клеткалар кирет.

12чи җумада колдору денеге тишелүү болгон узундукка җетет. Ал эми буттарынын җетилүүсүнө көбүрөөк убакыт талап кылынат.

Түйүлдүктүн җонунан, башынын үстүнөн, денесинин башка җактары җеңил тийүүгө җооп бере баштайт.

Кыз җана эркек баланын өнүгүүсүнүн айырмачылыктары биринчи убакыттардан эле байкалат. Мисалга кыз балдар эркек балдарга караганда ооздорун көбүрөөк кыймылдатып турушат.

Мындай көрүнүш мурун эле байкалган, мисалга оозу тарапка тийгенде ал тийген җакты көздөй кыймылдап җана оозун ачат. Бул сыяктуу җооп берүү негизги рефлекс деп аталат җана кийинчерээк төрөлгөндөн кийин энесинин эмчегин эмүүдө җардам берет.

Җаактары майга толтурула баштагандыктан бет түзүлүшүнүн җетилүүсү улантыла берет җана тиштеринин өнүгүүсү башталат.

Кан пайда кылуучу клеткалар, 15чи җумада җүлүндүн ичинде пайда болуп, ал җерде көбөйөт. Негизги кан клеткаларынын түзүлүшү ошол җерден башталат.

Түйүлдүктүн кыймылдашы негизинен 6чы җумада эле башталса да, кош бойлуу аял түйүлдүктүн кыймылын 14чү 18 чи җума аралыгында сезет. Адатта бул учур ойгонуу деп аталат.